Кыргыз республикасынын жазык-процесстик кодекси - страница 10

172-статья. Жазык процессине катышкандардын укуктарын

түшүндүрүүнүн жана камсыз кылуунун милдеттүүлүгү


Тергөөчү тергөө аракетине катышып жаткан шектүү адамга, айыпкерге, жабырлануучуга, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге жана алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле башка адамдарга алардын укуктарын тушүндүрүүгө жана иш боюнча тергөөнүн жүрүшүндө бул укуктарды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле мезгилде аларга жүктөлгөн милдеттер жана аларды аткарбоонун терс кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш. Ушул статьяда аталып өткөн адамдарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү алардын коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт.
173-статья. Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруунун жол

берилгистиги


(1) Жазык иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбоого тийиш.

(2) Тергөөчү күбөнү, жабырлануучуну, жактоочуну, жарандык доогерди, жарандык жоопкерди же алардын өкүлдөрүн, экспертти, адисти, тилмечти, күбө-калысты жана тергөө аракетин жүргүзүүгө катышып жаткан башка адамдарды тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертет жана жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен алардан колкат алууга укуктуу.


174-статья. Адистин катышуусу
(1) Тергөөчү тергөө аракетин жүргүзүүгө катышуу үчүн иштин жыйынтыгына кызыкчылыгы жок адисти чакырууга укуктуу. Тергөөчүнүн адисти чакыруу жөнүндө талабы адис иштеген уюмдун жетекчиси тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

(2) Тергөө аракетинин алдында тергөөчү адистин ким экендигин жана билимин аныктайт, анын айыпталуучу менен жабырлануучуга карата мамилесин тактайт. Тергөөчү адиске ушул Кодекстин 65-статьясында каралган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт жана ушул статьяда белгиленген өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы же андан четтегендиги үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул тууралу тергөө аракетинин протоколуна белги коюлуп, ал адистин коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.


175-статья. Тилмечтин катышуусу
(1) Ушул Кодекстин 23-статьясынын экинчи бөлүгүндө жана 66-статьясында каралган учурларда тергөөчү суракка жана башка тергөө аракеттерине тилмечти чакырууга милдеттүү.

(2) Тергөө аракетинин алдында тергөөчү тилмечке анын ушул Кодекстин 66-статьясында каралган укуктарын жана милдеттерин тушүндүрөт жана ушул статьяда белгиленген милдеттерди аткаруудан баш тартуу үчүн жоопкерчилик, ошондой эле атайылап туура эмес которгондугу үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул тууралу тергөө аракетинин протоколуна белги коюлат жана ал тилмечтин коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.


176-статья. Күбө-калыстардын катышуусу
Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө аракеттери кеминде эки күбө-калыстын катышуусу менен жүргүзүлөт, алар тергөө аракетин жүргүзүү фактысын, анын жүрүшүн жана натыйжаларын ырастоо үчүн чакырылат.

Тергөө аракети башталардын алдында тергөөчү күбө-калыстарга тергөө аракетинин максатын, ушул Кодекстин 68, 69-статьяларында каралган алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.


22-Глава

Карап чыгуу, көрүп аныктоо, тергөө эксперименти


177-статья. Карап чыгууну жүргүзүүнүн негиздери жана тартиби
(1) Карап чыгуу күбө-калыстардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Өзгөчө учурларда (барууга кыйын болгон жерлерде, тиешелүү каражаттар жок болгондо, ошондой эле карап чыгууну жүргүзүү адамдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунуч менен байланыштуу болгондо) карап чыгуу күбө-калыстарды катыштырбастан жүргүзүлөт.

(2) Окуя болгон жерди, ошол жергени, имарат жайды, буюмзаттарды жана документтерди карап чыгуу кылмыштын издерин, башка материалдык объектилерди табуу, иш үчүн мааниси бар башка жагдайларды тактоо максатында жүргүзүлөт.

(3) Тергөөчү шектүү адамды, айыпкерди, жабырлануучуну, күбөнү, ошондой эле адисти карап чыгууну жүргүзүүгө катышууга тартышы мүмкүн.

(4) Зарыл учурларда карап чыгууда өлчөө, сүрөткө тартуу, үн жана көрмө жазуу жүргүзүлөт, пландар жана схемалар түзүлүп, издердин кеби жана көчүрмөлөрү алынат, мүмкүн болсо бул үчүн мыйзамда жол берилген техникалык каражаттарды жана усулдарды пайдалануу менен издердин өзү ошол буюмзат жана анын бир бөлүгү менен чогуу алынат.

(5) Табылган издерди жана материалдык объектилерди карап чыгуу алар табылган жерде жүзөгө ашырылат. Эгерде карап чыгуу үчүн узак убакыт талап кылынса же аларды табылган жеринде карап чыгуу алда канча татаал болсо, объектилер алынууга, таңгакталууга, чапталууга жана карап чыгуу үчүн ыңгайлуу болгон башка жерге бузулбагыдай кылып жеткирилүүгө тийиш.

(6) Карап чыгууда табылгандардын жана алынгандардын бардыгы карап чыгууга катышкандарга көрсөтүлүүгө тийиш.

(7) Ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон объектилер гана алынууга тийиш. Алынган объектилер таңгакталат жана чапталып коюлат.

(8) Карап чыгууга катышкан адамдар өздөрүнүн пикири боюнча иштин жагдайларын аныктоого көмөк көрсөтө тургандардын бардыгына тергөөчүнүн көңүлүн бурууга укуктуу.

(9) Турак жайды карап чыгуу анда жашаган адамдардын макулдугу менен же прокурордун санкциясы менен гана жүргүзүлөт.

(10) Эгерде турак-жай окуя болгон жер болсо жана аны карап чыгууну кийинкиге калтырууга болбосо, турак-жайды карап чыгуу тергөөчүнүн токтому боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

(11) Турак-жайды карап чыгууда ал жерде жашаган эрезеге жеткен адамдын катышуусу камсыз кылынууга тийиш. Анын катышуусу мүмкүн болбогон учурда турак-жайды пайдалануучу уюмдун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чакырылат.

(12) Уюмдардагы имарат жайларды карап чыгуу алардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

(13) Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеп турган имарат жайларды, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү жашап турган имарат жайларды карап чыгуу дипломатиялык өкүлдүн өтүнүчү же макулдугу боюнча жана анын катышуусу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Дипломатиялык өкүлдүн макулдугу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алынат. Карап чыгууну жүргүзүүгө прокурор менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилигинин өкүлү милдеттүү түрдө катышат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын, 2008-жылдын 2-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)


178-статья. Өлүктү карап чыгуу. Эксгумация
(1) Өлүк табылган жерде аны карап чыгууну тергөөчү күбө-калыстардын жана соттук-медициналык эксперттин, ал эми анын катышуусу мүмкүн болбогондо - врачтын катышуусу менен жүргүзөт. Зарыл болгондо өлүктү карап чыгууга башка адистер тартылышы мүмкүн.

(2) Таанылбаган өлүктөр милдеттүү түрдө сүрөткө тартылууга жана дактилоскопиядан өткөрүлүүгө тийиш.

(3) Өлүктү көмүлгөн жерден алып чыгуу зарыл болгондо тергөөчү эксгумациялоо тууралу токтом чыгарат жана бул тууралу маркумдун жакын туугандарына же туугандарына кабар кылат. Токтом тиешелүү өлүк көмүлгөн жердин администрациясы үчүн милдеттүү болот. Эгерде маркумдун жакын туугандары же туугандарына эксгумациялоого каршы болушса, аны жүргүзүүгө сот тарабынан уруксат берилет.

(4) Өлүктү эксгумациялоо жана карап чыгуу ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт.

(5) Өлүктү эксгумациялоо жана андан кийин көмүүгө байланышкан чыгымдардын орду маркумдун туугандарына ушул Кодекстин 146-статьясында белгиленген тартипте толтурулуп берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


179-статья. Буюм далилдерин карап чыгуу
Ушул Кодекстин 85-статьясына ылайык буюм далилдери болуп эсептелген жана окуя болгон жерди, ошол жергени же имарат жайды карап чыгууда табылган, тинтүү, алып коюу, тергөө экспериментин же башка тергөө аракеттерин жүргүзүүдө алынган же тергөөчүнүн талабы боюнча уюмдар жана жарандар тарабынан берилгендер ушул Кодекстин 177-статьясынын эрежелери боюнча каралып чыгууга тийиш.
180-статья. Көрүп аныктоо
(1) Эгерде бул үчүн экспертиза жүргүзүү талап кылынбаса, адамдын денесиндеги өзгөчө белгилерди, кылмыш издерин, денеге залал келтирүүлөрдү табуу, мас абалда экендигин же иш үчүн мааниси бар башка касиеттерди жана белгилерди аныктоо үчүн шектүү адамды, айыпкерди, жабырлануучуну жана күбөнү көрүп аныктоо жүргүзүлөт. Көрүп аныктоону жүргүзүү жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат.

(2) Көрүп аныктоо тергөөчү тарабынан күбө-калыстарды катыштыруу, ал эми зарыл учурларда көрүп аныктоо врачтын же башка адистин катышуусу менен жүргүзүлөт.

(3) Эгерде көрүп аныктоо бул адамды чечиндирүү менен коштолсо, тергөөчү башка жыныстагы адамды көрүп аныктоого катышпайт. Мындай учурда көрүп аныктоо бир эле жыныстагы күбө-калыстын катышуусу менен врач тарабынан жүргүзүлөт.
181-статья. Карап чыгуунун жана көрүп аныктоонун протоколу
(1) Карап чыгуу жана көрүп аныктоо жөнүндө тергөөчү ушул статьянын жана ушул Кодекстин 177-статъясынын талаптарын сактоо менен протокол түзөт.

(2) Протоколдо тергөөчүнүн бардык аракеттери, ошого тете карап чыгуу жана көрүп аныктоодо табылгандардын бардыгы карап чыгуу жана көрүп аныктоо кандай жүргүзүлсө, ошондой ырааттуулукта жана карап чыгуу менен көрүп аныктоо учурунда кандай түрдө табылса ошол түрдө баяндалат. Карап чыгууда жана көрүп аныктоодо алынган бардык объектилер протоколдо саналып өтөт жана баяндалат.

(3) Протоколдо: карап чыгуу же көрүп аныктоо кайсыл мезгилде, аба ырайынын кандай учурунда жана кандай жарык берүү менен жүргүзүлгөндүгү; кандай техникалык каражаттар колдонулгандыгы жана кандай натыйжаларга жетишилгендиги; карап чыгууну же көрүп аныктоону жүргүзүүгө ким тартылгандыгы жана мындай катышуу эмнеге байланыштуу болгондугу; кандай объектилер чапталгандыгы жана кандай мөөр коюлгандыгы; карап чыгуудан кийин өлүк же иш үчүн мааниси бар буюмзаттар кайда жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлүүгө тийиш.
182-статья. Тергөө эксперименти, тергөө экспериментинин протоколу
(1) Иш үчүн мааниси бар маалыматтарды текшерүү жана тактоо максатында тергөөчү белгилүү бир окуянын аракеттерин, кырдаалын же башка жагдайларын кайра кайталоо жана зарыл болгон тажрыйбалык аракеттерди жасоо аркылуу тергөө экспериментин жүргүзүүгө укуктуу. Мында кандайдыр-бир фактыларды кабылдоонун, белгилүү аракеттерди жасоонун, кандайдыр-бир окуянын келип чыгышынын мүмкүнчүлүгү текшерилип, ошондой эле болгон окуянын ырааттуулугу жана из калтыруунун механизмдери аныкталат. Эгерде ага катышкан адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирилбесе жана алардын кадыр-баркы кемсинтилбесе, тергөө экспериментин жүргүзүүгө жол берилет.

(2) Тергөө экспериментин жүргүзүүгө күбө-калыстар катышууга тийиш. Зарыл учурда шектүү адам, айыпкер, жабырлануучу, тергөөчү, ошондой эле адис, эксперт жана тажрыйбалык аракеттерди жүргүзүүчү адамдар тартылышы мүмкүн. Тергөө экспериментинин катышуучуларына эксперимент өткөрүүнүн максаты жана тартиби түшүндүрүлөт.

(3) Зарыл учурда тергөө экспериментин жүргүзүүдө өлчөөлөр, сүрөткө тартуу, үн жана көрмө жазуу, киного тартуу жүргүзүлүп, пландар жана схемалар түзүлөт.

(4) Тергөө экспериментин жүргүзүүчү жөнүндө тергөөчү протокол түзөт, анда тергөө экспериментинин шарттары, жүрүшү жана натыйжалары баяндалат жана эксперимент кандай максатта, качан, кайда, жана кандай шарттарда жүргүзүлгөндүгү, окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоо эмнеден улам болгондугу; кандай тажрыйбалык аракеттер, кандай ырааттуулукта, ким тарабынан жана канча жолу жүргүзүлгөндүгү; кандай натыйжалар алынгандыгы көрсөтүлөт.


183-статья. Окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоо.

Көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү


(1) Тергөөчү, сот карап чыгууда, көрүп аныктоодо, суракта таануу үчүн көрсөтүүдө жана башка тергөө аракеттеринде алынган маалыматтарды текшерүү, тактоо максатында күбө-калыстардын катышуусу менен белгилүү окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоону жүзөгө ашырышы мүмкүн. Мында тергөөчү, сот зарыл учурларда өлчөөлөрдү, сүрөткө тартууну, киного тартууну, көрмө жазууну жүргүзөт, пландарды жана схемаларды түзөт. Эгерде бул аларга катышкан адамдардын жана айланадагылардын кадыр-баркын кемсинтпесе жана саламаттыгына коркунуч келтирбесе, тиешелүү аракеттерди аткарууга жол берилет.

(2) Окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоодо зарыл болсо шектүү адам, айыпкер, соттолуучу, жабырлануучу, күбөлөр жана тиешелүү адистер да чакырылат.

(3) Шектүү адамдын, айыпкердин, соттолуучунун, жабырлануучунун же күбөнүн көрсөтүүлөрү жаңы фактылай маалыматтарды аныктоо, багытты жана текшерилип жаткан аракеттер жасалган жерди белгилөө үчүн, ошондой эле аларды окуянын жагдайы менен салыштыруу аркылуу көрсөтүүлөрдүн тактыгын аныктоо үчүн тергелип жаткан окуяга байланыштуу жерде текшерилиши же такталышы мүмкүн. Мында:

1) көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү көрсөтүү берген адамдын иликтенип жаткан окуяга байланыштуу жерде кайра кайталашын; иш үчүн мааниси бар буюмзаттарды, документтерди, издерди издеп табышын жана көрсөтүшүн; белгилүү аракеттерди көрсөтүшүн; тигил же бул буюмзат иликтенип жаткан окуяда кандай роль ойногондугун көрсөтүп беришин; окуя болгон жердин жагдайындагы өзгөртүүлөргө көңүл бурушун; өзүнүн мурдагы көрсөтүүлөрүн айкындаштырышын жана такташын билдирет. Бул аракеттерге кандайдыр-бир тышкаркы кийлигишүүгө жана багыттама суроолорду берүүгө жол берилбейт;

2) зарыл учурларда көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү адистин катышуусу менен жүргүзүлөт;

3) бир нече адамдын көрсөтүүлөрүн жеринде текшерүүгө жол берилбейт;

4) көрсөтүүлөрдү текшерүү ал адамга анын көрсөтүүлөрү текшериле турган багытты жана жерди көрсөтүү сунушунан башталат. Көрсөтүүлөрү текшерилип жаткан адам жайма-жай баяндап жана аракеттерин көрсөтүп бергенден кийин ага суроолор берилиши мүмкүн. Ушул адам, ошондой эле процесстин башка катышуучулары өткөрүлүп жаткан тергөө аракеттерине байланыштуу аларды кошумча суракка алууну талап кылууга укуктуу.

(4) Окуянын жагдайын жана кырдаалын каттоого жана көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү жөнүндө ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. Протоколдо көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүүнүн шарттары, жүрүшү жана натыйжалары чагылдырылууга тийиш.


23-Глава

Тинтүү, алып коюу, почта-телеграф

жөнөтүүлөрүнө камак салуу, сүйлөшүүлөрдү

контролдоо жана жазып алуу


184-статья. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүүнүн негиздери

жана тартиби


(1) Имарат жайда же башка жерде же адамда кылмыштын куралы, иш үчүн мааниге ээ боло турган буюмзаттар, документтер жана баалуулуктар бар деп ойлоого жетиштүү маалыматтардын болушу тинтүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет, тинтүү ошондой эле издөө салынган адамдарды жана өлүктөрдү табуу үчүн да жүргүзүлүшү мүмкүн.

(2) Эгерде иш үчүн мааниси бар белгилүү бир буюмзаттар жана документтер кайсыл жерде жана кимде экендиги так белгилүү болсо, алып коюу зарылдыгы болгондо алар алынып коюлат.

(3) тинтүү жана алып коюу, ошондой эле турак жайда тинтүү жана алып коюу прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн жүйөөлүү токтому боюнча калыс күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

(4) Издөө салынган жана алынып коюуга тийиш болгон объект табылгандан кийин алып коюуну кечиктирүүдөн улам жок болушу, зыянга учурашы же кылмыштуу максатта пайдаланылышы мүмкүн болсо, же издөө салынган адам жашырынып калышы мүмкүн болгон өзгөчө учурларда, тинтүү прокурордун санкциясыз тергөөчүнүн токтому боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок кийин суткалык мөөнөттө билдирүү менен.

(5) Кечиктирүүгө болбогондон башка учурларда, тинтүү күндүз жүргүзүлөт.

(6) Зарыл учурларда тинтүү адистин жана тилмечтин катышуусу менен жүргүзүлөт.

(7) Тинтүүгө киришүү менен тергөөчү алынып коюлууга тийиш болгон буюмзаттарды жана документтерди өз ыктыяры менен берүүнү сунуш кылат.

(8) Тинтүү жүргүзүүдө анын ээси өз ыктыяры менен ачуудан баш тарткан, бекитилген имарат жайлар жана сактоочу жайлар ачылышы мүмкүн. Мында зарылдыктан улам келип чыкпаса, эшик тээктерин жана башка буюмзаттарды зыянга учуратууга жол берилбөөгө тийиш.

(9) Алып коюуну жүргүзүүдө тергөөчү алынууга тийиш болгон буюмзаттарды жана документтерди берүүнү сунуш кылат, ал эми берүүдөн баш тартылган учурда алып коюуну мажбурлоо түрүндө жүргүзөт.

(10) Анда жашаган адамдардын эркине каршы турак-жайды тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 177-статьясынын сегизинчи жана онунчу бөлүктөрүнүн эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

(11) Турак-жайларда, уюмдардын жана мекемелердин имарат жайларында тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 177-статьясынын онунчу жана он биринчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт.

(12) Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеп турган имарат жайларда, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү жашап турган имарат жайларда тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 177-статьясынын он экинчи бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.

(13) Тергөөчү тинтүү жана алып коюуда аталган жайды ээлеп турган адамдын же башка адамдардын жеке турмушунун белгилүү болгон жагдайларын ачыкка чыгарбоого карата чаралар көрүүгө милдеттүү.

(14) Тергөөчү тинтүү жана алып коюу жүргүзүлүп жаткан жайда же ошол жерде болгон жана бул имарат жайга же жерге келген адамдарга андан кетүүгө, ошондой эле тинтүү жана алып коюу бүткөнгө чейин бири-бири менен же башка адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салууга укуктуу.

(15) Тинтүү жана алып коюу жүргүзүүдө тергөөчү ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмзаттарды жана документтерди гана алып коюу менен чектелүүгө тийиш. Пайдаланылууга тыюу салынган буюмзаттар жана документтер алардын ишке тиешелүү же тиешелүү эместигине карабастан алынып коюуга тийиш.

(16) Алынган бардык буюмзаттар жана документтер катышкан адамдарга көрсөтүлөт жана тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн жерде таңгакталат жана мөөр басылып чапталып, буга катышкан адамдардын коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын, 2008-жылдын 2-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
185-статья. Жекече тинтүү
(1) Ушул Кодекстин 184-статьясында каралган негиздер болгондо жана ушул статьянын талаптарын сактоо менен шектүүнү, айыпталуучуну жекече тинтүү, тинтилүүчү адамдын денесинде, кийиминде жана анын буюмдарында болгон буюмзаттарды жана документтерди табуу жана алып коюу максатында тергөөчүнүн тапшыруусу боюнча алгачкы текшерүү органынын кызматкери же башка адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

(2) Жекече тинтүү тинтилип жаткан адам менен бир жыныстагы адам тарабынан жана күбө-калыстардын катышуусу, ал эми зарыл учурда адистин катышуусу менен жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
186-статья. Тинтүүнүн же алып коюунун протоколу
(1) Жүргүзүлгөн тинтүү же алып коюу жөнүндө ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

(2) Протоколдо буюмзаттар жана документтер кайсыл жерде жана кандай жагдайларда табылгандыгы, алар өз ыктыяры менен берилгендиги же мажбурлап алынгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык алынган буюмзаттар протоколдо алардын санын, ченин, салмагын, жекече белгилерин жана мүмкүн болушунча наркын так көрсөтүү менен саналып өтүүгө тийиш.

(3) Эгерде тинтүү же алып коюу жүргүзүүдө алынып коюлууга тийиш болгон буюмзаттарды же болбосо документтерди жок кылууга же катууга аракет жасалса, ал көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен протоколдо чагылдырылууга тийиш.

(4) Тинтүүнүн жана алып коюунун протоколунун көчүрмөсү кол койдуруу менен алар алынган адамга, же болбосо анын үй-бүлөсүнүн эрезеге жеткен мучөсүнө, ал эми алар жок болгондо турак-жайды пайдалануу уюмунун өкүлүнө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тапшырылат. Эгерде тинтүү жана алып коюу уюмда жүргүзүлсө протоколдун көчүрмөсү кол койдуруу менен алардын өкүлдөрүнө берилет.


187-статья. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу, аларды

карап чыгуу жана алып коюу


(1) Жазык иши үчүн мааниси бар предметтер, документтер же маалыматтар тийиштүүлүгүнө жараша бандеролдордо, посылкаларда же башка почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдө, болбосо телеграммаларда же радиограммаларда болушу мүмкүн деген жетиштүү негиздер болгондо, аларга камак салынышы мүмкүн.

(2) Почта-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу, аларды карап чыгуу жана байланыш мекемелеринен алып коюу прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн токтому боюнча негизинде жүргүзүлөт.

(3) Тергөөчүнүн почта-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу жана аларды карап чыгуу жана алып коюу жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) почта-телеграфтык жөнөтүүсү кармалууга тийиш болгон адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги;

2) камак салуунун, карап чыгуунун жана алып коюу жүргүзүүнүн негиздери;

3) камак салууга тийиш болгон почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдүн түрлөрү;

4) тийиштүү почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдү кармоо милдети жүктөлгөн байланыш мекемесинин аталышы.

(4) Сот тарабынан прокурордун санкциясын алгандан кийин тергөөчү токтомду анын көчүрмөсү почта-телеграфтык жөнөтүүнү кармоо тапшырылган тиешелүү байланыш бөлүмүнө жөнөтүлөт жана ал жөнүндө токтоосуз тергөөчүгө кабарландырылат.

(5) Кармалган почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдү карап чыгуу, алып коюу жана көчүрмөлөрүн алуу тергөөчү тарабынан тийиштүү байланыш бөлүмүндө ошол мекеменин кызматкерлеринин ичинен тартылган күбө-калыстардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Тергөөчү зарыл учурларда почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдү карап чыгуу жана алып коюуну жүргүзүүгө катышуу үчүн адисти, ошондой эле тилмечти тартууга укуктуу. Почта-телеграфтык жөнөтүүлөрдү карап чыгуунун ар бир учурунда протокол түзүлөт, анда кандай почта-телеграфтык жөнөтүүлөр ким тарабынан каралганы, көчүрүлгөнү жана кимге жөнөтүлгөнү же кармалганы көрсөтүлөт.

(6) Почта-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу тергөөчү тарабынан прокурорго милдеттүү түрдө кабарландыруу менен, бул чаранын зарылдыгы болбой калган учурда, бирок ошол жазык иши боюнча тергөө аяктаганынан кечиктирбестен жокко чыгарылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын, 2008-жылдын 2-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
188-статья. Сүйлөшүүлөрдү тыңшоо
(1) Эгерде шектүүнүн, айыпталуучунун жана башка адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө же байланыштын башка түрлөрү аркылуу сүйлөшүүлөрүндө кылмыш иши үчүн маанилүү маалыматтардын болушу мүмкүн деп ойлоого жетиштүү негиздер болгондо аларды контролдоо жана жаздыруу оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча жазык иштеринин өндүрүшүндө прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн токтому боюнча жол берилет.

(2) Жабырлануучуга, күбөгө же алардын жакын туугандарына, туугандарына, жакын адамдарына карата зомбулук, опуза талап жана башка кылмыштуу аракеттерди жасоо коркунучу болгондо телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоого жана жазып алууга көрсөтүлгөн адамдардын жазуу түрүндөгү арызы боюнча, ал эми андай арыз болбосо прокурордун санкциясы менен жол берилет.

(3) Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алууну жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) ушул чараларды өндүрүштө колдонуу зарыл болгон жазык иши;

2) ушул тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн негиздери;

3) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү контролго алынууга жана жазылууга жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;

4) контролдоону жана жазып алууну жүзөгө ашыруунун мөөнөтү;

5) контролдоону жана жазып алууну техникалык жактан жүзөгө ашыруу тапшырылган органдын аталышы.

(4) Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жаздырып алууну жүргүзүү жөнүндөгү токтом тергөөчү тарабынан аткаруу үчүн тийиштүү органга жөнөтүлөт.

(5) Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алууну жүргүзүү алты айлык мөөнөткө чейин белгилениши мүмкүн. Ал тергөөчүнүн токтому боюнча, эгерде бул чаранын зарылдыгы болбой калганда, бирок ошол жазык иши боюнча алдын ала тергөөлөрдүн аякташынан кечиктирилбей токтотулат.

(6) Тергөөчү телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазуу жүргүзүүнүн бардык мөөнөт ичинде каалаган учурунда аларды ишке ашырып жаткан органдан фонограмманы карап чыгуу жана угуу үчүн талап кылууга укуктуу. Ал тергөөчүгө көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдү жазуунун башталган жана аяктаган убактысы жана күнү көрсөтүлгөн, мөөр басылып чапталып жабылган коштоочу кат жана мында пайдаланылган техникалык каражаттардын кыскача мүнөздөмөсү менен берилет.

(7) Тергөөчү күбөлөрдүн жана зарыл болгондо адистин, ошондой эле телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү жазылып алынган адамдардын катышуусу менен фонограммаларды карап чыгуунун жана угуунун жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, анда фонограмманын тергөөчүнүн пикири боюнча ошол жазык ишине тиешеси бар бөлүгү сөзмөсөз баяндалууга тийиш. Фонограмманы карап чыгууга жана угууга катышкан адамдар ошол эле протоколдо же өзүнчө протоколго карата өздөрүнүн пикирлерин баяндоого укуктуу.


istoriya-graficheskoj-literaturi.html
istoriya-grafologii-stranica-11.html
istoriya-grafologii-stranica-12.html
istoriya-grafologii-stranica-13.html
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат
Реферат